Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №9/12
Гүлчө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 22-июнундагы Гүлчө айылына кире бериштеги ПМнын имаратына маркум К.Абдылдаевдин атын коюу боюнча №01-17/287 сунуш каты эске алынсын.
2. Гүлчө айылына кире бериштеги ПМнын имаратына маркум Абдылдаев Касымбек Төрөкуловичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |