ТоктомКүчүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №12/2 «Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча» токтому

Редакция20.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 12-отуруму

 

2017-жылдын 20-ноябры №12/2

Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин аткарып жаткан иштеринин абалы эске алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий,аялдар, жаштар, үй-булөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов