Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры №12/4
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө маршруттук каттам киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын
Төрага | К. Исмаилов |