Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры №12/5
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул көчөсүнүн тургуну Машаев Бердибайдын аялы экөө тен майып болуп турмуш шарты оор болгондуктан уулу №2 балдар бакчасында тарбияланып жаткан 24.10.2014-жылы туулган Сагынбаев Элбий Бердибаевич ата-энелер төлөмүнөн бошотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |