САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеӊешинин кезектеги I сессиясы (бешинчи шайланган)
2017-жылдын 4-февралы №1
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары –Колот айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары–Колот айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын милдетин аткаруучу Б. Орозбаеванын жазган билдирүүсүн талкуулап, бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары–Колот айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча -8747,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү-8747,0 миң сом аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Айыл аймагынын 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерге жана нормативдерге ылайык 2017-жылга бюджети бардык статьялар менен 10681,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сары-Колот айыл аймагынын 2018-жылга киреше бөлүгү 10920,90 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 10920,90 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2017-жыл ичинде Сары-Колот айыл аймагынын бюджети боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. 2019-жылдарга киреше бөлүгү 11090,90 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү-11090, 90т.сом бекитилсин.
6. Аппарат кызматкерлеринин жалпы штаттык бирдиги-22 .Анын ичинен айыл башчылары-5 штаттык бирдик эмгек акы фондусу менен, техникалык тейлөө кызматкерлеринин саны-2 штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.
7. Сары-Колот айыл аймагынын 2017-жыл ичинде Жергиликтүү бюджетке бардык статьялардагы суммаларды айыл аймагындагы муктаждыктарына карата өзгөртүү үчүн айылдык кеңештин сессиясында каралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Калыков |