Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы №6
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык Кеңеши 1532га жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Сары-Колот айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүлп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү Кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөлрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленген.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Сары-Колот айыл аймагынын башчысы К.Макеевге жүктөлөт.
Төрага | М. Калыков |