Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы №7/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартында чыккан № 131 токтомун аткаруу максатында Сары-Колот айылдык кеңеши муниципалдык кызматчыларынын эмгек акыларына кошумча керектелүүчү 16884 миң сом акча каражаты киргизилсин.
2. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жакынкы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын “жайыттар жөнүндө” №4 жана 6 беренелерине ылайык планда коюлган 100,0 миң сом сумманын 3/2 бөлүгү 70429 бөлүмүнүн 2215 статьясына бекитилсин.
3. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине каралган 70111,70921,70825,70629 бөлүмдөрүнүн кээ бир статьяларынан эконом болгон суммалар 70111 бөлүмүнөн 2214 статьясынан 5000 сом, 2215 статьясынан 400 сом, 2222 статьясынан 1635сом, 70921 бөлүмүнүн 2215 статьясынан 40 000 сом, 2222 статьясынан 36195сом, 70911 бөлүмүнүн 2224 статьясынан 12000сом, 70629 бөлүмүнүн 3111 статьсынан 91025 сом, 70825 бөлүмүнүн 2215 статьясынан 8775 сомду баарыдыгы болуп 195030 миң сомду. Айыл өкмөтүнүн канторасынын имаратынын чатырын алмаштыруу максатында 70111 бөлүмүнүн 3111 статьясына 195030 миң сомду жылдырып иштетүүгө уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу милдети айыл өкмөтүнүн ФЭБнын милдетин аткаруучу Б.Орозбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Узаков |