Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №15

Айыл – чарба багытындагы КБФнун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айыл аймагындагы айыл – чарба багытындагы КБФнун жерлерине ижара акысынын тарифин бекитип берүү максатында Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагындагы Айыл-Чарба багытындагы КБФнун сугат жерлерине 1 га жер аянтына ижара акысы 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Шарттуу сугат жерлерине 1 га жер аянтына 3500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сыдыков