САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 19-майы №16
Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургунуна материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургуну Алымов Жумабайга 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Сыдыков |