Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы №18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-февралындагы № 66 – токтомунун негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл айыл өкмөтүнүн Өзбек Республикасы менен чектеш жериндеги № 2024 аскердик бөлүгүнүн Ынтымак чек ара заставасынын Кемпир-Абад чек ара посту жайгашкан 1 .92 га жер аянтын чек ара заставасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап пайдаланууга берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, айлана чөйрөнүү коргоо жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Сыдыков |