Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы №20
Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндөгү” мыйзамынын 14 – статьясынын негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша, Савай жана Ынтымак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө жана таза суу тартууга БУУнун азык түлүк программасы тарабынан аткарылуучу иштерге айыл өкмөтүнүн кошумча салымы 125 миң сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Мыйзам чегинде акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Сыдыков |