Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №22

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин негизинде жайыт комитетинин жылдык бюджетин бекитүү максатында Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата бюджети 110 миң сомго бекитилсин.

2. 2017-жылдын планынын көрсөтүлгөн 110 миң сом акча айыл өкмөттүн бюджетинин эсебине төлөнгөн акча каражатынын эсебинен 3,2 өлчөмү жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына, соц фонд төлөмүнө жана керектүү иш чараларга жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сыдыков