ТоктомКүчүндө

Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №23 «Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына турак жай куруу үчүн берилбей калган жер участогун ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакция19.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №23

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына турак жай куруу үчүн берилбей калган жер участогун ажыратып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №377- токтомунун негизинде Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундардын жеке турак жай алуу жөнүндө арыз даттануулары көп болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 377- токтомунун негизинде трансформация болуп берилбей калган Курбан-Кара айылынан № 551,553- контурунан 0,05 гадан, Ынтымак айылынын № 114- контурунан 0,04гадан жана №80 контурунан 0,05гадан жана Савай айылындагы №371а контурдан 0,04 гадан жер аянты бөлүштүрүлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сыдыков