Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 31
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2016- жылга жергиликтү бюджетин бекитүү жөнүндө
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Омуралиеванын маалыматын жана Жети-Өгүз айылдык кеңешинин финансы –экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.Алсеитов Д. 2015- жылдын бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылдын бюджетин талкуулап, айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2015-жылдын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 15 894,0 (Он беш миллион сегиз жүз токсон төрт миң) сом, чыгаша жагы 15 843,2 (Он беш миллион сегиз жүз кырк үч миң эки жуз) сом көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2016-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгымдар боюнча 17 331,6 (Он жети миллион үч жүз отуз бир миң алты жүз) сом көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2015-жылы каржылануучу кирешелеринин чегерүүлөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2015-жылда төлөнбөй калган карыздарды 2016- жылдын бюджетинен каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондко, коммуналдык чыгымдарга жана өтө зарыл болгон чыгашаларга жумшалсын.
6. 2016-жылдын ичинде, түзүлгөн кырдалга жараша статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу жагы айыл аймагынын башчысына жана айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
7. Таза суунун башкы суу топтогучун кайтарууга 2000 сом өлчөмүндө 1 штат бирдиги айыл өкмөтүнөн, келишимдин негизинде эмгек акы төлөп берүү жагы жергиликтүү бюджетке киргизилсин.
8. Айыл өкмөтү боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча каражаты 173,3 сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу 173,3 сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Таштандыларды чыгарууга ар бир түтүндөн 98 (токсон сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Кенже тех.кызматкерлерине кошумча электроэнергиясы үчүн айына 200 сомдон төлөмү бекитилсин.
12. Электр энергиясынын чегерүүлөрү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Жергиликтүү бюджетке кошумча 196,8 (Бир жуз токсон алты миң сегиз жүз) сом 2016-жылынын жарым жыл ичинде киреше бөлүгүнө келип түшүшүнө карата № 1 тиркемеге ылайык көбөйтүп берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
14. Бала бакчанын тамак ашы үчүн атайын эсеп ата-энелерден түшүүчү акча каражаты 401 760 (Төрт жуз бир миң жети жуз алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. «Ден-соолук көгөйлөрү боюнча жааматтардын аракеттери ДКЖА» долборунан экинчи бөлүгүнөн түшкөн 400,0 (төрт жуз миң) сом акча каражатын, атайын эсептин киреше планын көбөйтүп берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
16. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына У.Э.Далиевге жана туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Алсеитовке жүктөлсун.
Жети-Өгүз айылдык кеӊешинин төрагасы |
Алдаяров Д.
|