Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-майы №21
Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6.03 № 01-17/69 катынын негизинде Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнө таза суу линиясын тартуу үчүн Кара-Булак айыл өкмөтүнөн 0,20 га жер ажыратылып берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнөн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бак дарактарына жумасына бир жолу 12 саатка суу берилип турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго тапшырылсын.
Төрага | И. Тилеков |