Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6 – апрели № 3/1
Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл Өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл Өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Айыл Өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштары, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл аягына чейин көңүл сыртында калтырбай, айыл аймагындагы мекеме-уюмдар тарабынан аткарылуучу жумуштар боюнча дайыма көзөмөл жүргүзүү менен бирге жол боюндагы арыктардын талаптагыдай деңгээлде болушуна, эгилген көчөттөрдүн куурап калышына жол бербөө жагы айыл Өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Исаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | Н. Жолдошов |