Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясынын (VI чакырылыш)
2017-жылдын 6 – апрели № 3/3
Ылай-Талаа айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу, жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Сейдаматовдун 2016-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын жана айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келиптүшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алыпчыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, АРИС уюмунун планына кирип каржылап жаткан көпүрөнүн курулушун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүкөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Сейдаматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | Н. Жолдошов |