Редакцияот 06.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясынын (VI чакырылыш)

 

 

2017-жылдын 6 – апрели № 3/3.1

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык Кенешинин депутаттарынынIуюштуруу сесиясында белгиленген жайыт жерлерин натый жалуу, сарам жалдуу башкаруу жана пайдалануу нукамсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айылл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2017-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө токтомун угуп талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин.

2. 2017-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

    Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн-40 сом

    Кой –эчкилер 1 баш үчүн- 8 сом

    Жылкылар 1 баш үчүн- 40 сом

   Сырттан малына кошупалгандар учун

   Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн- 100 сом

   Кой – эчкилер 1 баш үчүн- 20 сом

   Жылкылар 1 баш үчүн- 100 сом

Эгер сыртан келген мал жандыктар жайыт комитети менен келишим түзбөй уруксаты жок болсо, административдик комиссия тарабынан чара көрүлсүн.

3. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине (Б.Сейдаматов) жайыт участоктор үчүн жер салыгы нжыйноо жана келип тушкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдетти жүлтөлсүн.

4.  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 5000

( беш мин) сом. Эсепчисине 3000 ( үч мин) сом . Инспектор учун 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө эмгек акылары бекитилсин.

5. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн жайыт жердин аянты11786 га пайдаланган жер аянтка жер салыгы1 га үчүн 5-52 сомдон бекитилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Сейдаматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Жолдошов