Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-апрели № 3/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин (СООПВ) 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы элди таза суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин (СООПВ) башчысы Б. Конурбаевтин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2 Ылай-Талаа айыл аймагындагы калкка таза суу жеткирүү максатында инвестиция тартуу аркылуу жаңы долбоорлорду сунуштоо менен эскилиги жеткен суу магистралдарын жаңылоо, таза суу жетпеген участокторго таза суу жеткирүү, калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, суу кампаларын мезгилинде хлорлоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго жана СООПВ башчысы Б. Конурбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | Н. Жолдошов. |