Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы №16/2
Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Талап айылынын тургуну Омуралиев Раимжанга "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы, Кашка-Жол айылдык Кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын "Айылдын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык 2016-жылдын 20-январындагы элдик жыйынынын № 4 -протоколун эске алып, Жаны-Талап айылынын тургуну Р.Омуралиевди аталган наамга көрсөткөн сунушу менен таанышып чыгып Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Талап айылынын тургуну Омуралиев Раимжанга айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө,турмуш-тиричилик денгээлинин которулушуно кошкон салымыжалк-арасында урмат сыйга ээ мыкты сапаттары,узурлуу эмгеги менен башкаларга улгу көрсөткөндүгү үчүн "Айылдын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Доолотовго тапшырылсын.
Төрага | Абдырахманов Б. |