Редакцияот 22.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги 16-сессиясы (V шайланган)

 

2016-жылдын 22-февралы №16/5

 Кашка-Жол жайыт комитетинин жайытарды пайдалануунун 2016-жыл үчүн иш планы жана бюджеттин бекитүү жөнүндө

Кашка-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууну 2016-жылдын иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө маселе Кашка-Жол аймагынын Кашка-Жол айыл аймагынын Кашка-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Ж. Бакировдун сунушун угуп, КР жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кашка-Жол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кашка-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2016-жыл үчүн иш планы жана бюджета бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.    Бул токтомду аткарууга алуу жагы Кашка-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Ж.Бакировго милдеттендирилсин.

3.    Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин "Айыл суу чарба жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери" боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 Төрага

Б. Абдырахманов