Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4 февралы № 16/6
Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылында майда күркөлөрдө спирт ичимдиктерин сатууга бөгөт коюу жөнүндө
Жийде айылында майда күркөлөрдө спирт ичимдиктерин сатууга бөгөт коюу жөнүндөгү 28.01.2016-жылдагы элдик жыйындын № 2 протоколун талкуулап чыгып Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылынын элдик жыйынынын 28.01.2016-жылдагы № 2 протоколу бекитилсин.
2. Жийде айылында майда күркөлөрдө,магазиндерде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга,участкалык инспекторго тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,жергиликтүү өз алдынча башкаруу,коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Жийде айылында майда күркөлөрдө,магазиндерде спирт ичимдиктери сатылбасын.
Төрага | Б. Абдырахманов |