Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы №16/10
Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчага долбоор түзүү үчүн өздүк салымын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчанын кошумча курулушуна бөлүп берүү жөнүндө Кашка-Жол айыл аймагынын финансы-экономикалык-бөлүм башчысынын маалыматын,Кашка-Жол айыл аймактык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчанын кошумча курулушуна 100 000 (жүз миң ) сом долбоорго салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Кашка-Жол айыл аймагынын финансы-Экономикалык бөлүмүнүн башчысы каражатты өз убагында камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл аймактык Кеңешинин социалдык-маданий,билим берүү коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарьш аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы) тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдырахманов |