Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 16/11
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларды сактоочу жайларды белгилөө жөнүндө
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер,жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Турдуев Сагьшбектин жана айыл башчылары Култаев А,Ырыскулов А,Эрмекбаев А.Турдуевдердин 2015-жылы таштанды төгүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктуна,20-беренесинин 13-пунктуна негиз Кашка-Жол айылдык округунун айылдык кеңешинин он алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы таштандыларды чыгаруу үчүн Тоготой,Жийде айылдары чектешкен Төрткул участкасынан 0,20 га дан жер аянтын,Жаны-Талап айылынын чыгыш тарабынан 0,20 га,Октябрь айылынын Бопон сарайынын төмөн жагынан 0,10 га жана жаны бейиттин түндүк тарабынан 0,10 га жер аянттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Таштанды төгүү үчүн болүнүп берилген жер участогунун жердин категориясына экологиялык, санитардык талапка жооп берээрлигин аныктап, мамлекеттик каттоого алуу жагы Кара-Кулжа райондук «Жер кадастры жана жерге жайгаштыруу» башкармалыгынан суралсын.
3. Таштандыларды төгүүчү жайдын, тосмо курулуш иштерине архитектуралык пландоо, документацияларын даярдап берүү жагы Кара-Кулжа райондук «Шаар курулуш жана архитектура» башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык округунун айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу,жер жана жер ресурстары,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдрахманов |