Загрузка документа…
КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № 1
«Хан-Теңгри» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн алыскы Сырт зонасындагы жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
1. «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Сырт зонасындагы Сары-Жаз өрөөнүндөгү жайыт Кереге-Таш айыл аймагына тиешелүү жерлерден жалпы 5768га,анын ичинен 508,6га жайыт жерлери төмөнкконтурлар боюнча өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
-«Карагайты» жайлоосунан жалпы 496 контурдан 81.4га;497-контурдан 83.5 га,498контурдан 37.6га,жалпы-202.5га.
-«Мыкаачы»жайлоосунан-450-контурдан26.6га, 454-контурдан 62.3га, 457-контурдан 16.2 га,467-контурдан 12.1га, 451-контурдан 173.0га, 427-контурдан 17.7, жалпы-306.1 га,,
2. Өткөрүлүп берилген турган жерлер төмөнкү шарттар менен берилсин:
-жайыт жерлер үчүн төлөмдөр айыл аймагынын жайыт комитетинин эсебине кириштелсин;
-жайыт жерлер айыл аймагынын тургундарына пайдаланууга берилсин;
-келечекте өткөрүлүп берилген жер аянттарында баалуу кен байлыктар табылып калса, жерлер айыл аймагына кайтарылып берилсин;
-эгерде коммерциялык багыттагы иштер жүргүзүлсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айыл аймагына тиешелүү финансылык чегерүүлөр жүргүзүлсүн;
-жергиликтүү калкты иш орду менен камсыздоо.
3. Эгерде «Хан-Тенгри» Мамлекеттик жаратылыш паркы ишин токтоткон учурда жерлер айыл аймагына кайтарылып берилсин.
4. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовго тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүүсү тапшырылсын.
Төрага | К. Муканбетов |