Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 9-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинен каралган 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 23283,4 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 13811418 сомду түзүп төмөнкүдөй бөлүнүп,
-аппаратка 4401147
-мектептерге 1322904
-бала бакчаларга 3521561
-китепканаларга 173092
-клубтарга 197978
-өзгөчө кырдаалдарга 1472731
-социалдык коргоого 77000
-ЖКХ 1614305
-электр энергияга 1030700 сом жумшалганы канааттандыраарлык деп табылсын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |