Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 9-сессиясынын кезктеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүүгө чегерүүгө 761100 сом, жаратылыш активтерин пайдалануу үчүн 3696000 сом, калктуу конуштардагы жер ижарасы үчүн 40000 сом, жалпы 4497100 сомго толукталып чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп жумшалсын.
-аппаратка 557590
-мектептерге 203000
-бала бакчаларга 131974
-ЖКХ 3504536
-маданий иш чараларга 100000 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |