Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры №3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын толуктоочу грантынан түшкөн акча каражатынан үнөмдөлгөн 2000,0 сом акча каражатын дара балдар бакчасынын курулушуна которуу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын толуктоочу грантынан түшкөн акча каражатынан үнөмдөлгөн 2000,0 сом акча каражатын дара балдар бакчасынын курулушуна которуп берүү сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 9-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын толуктоочу грантынан түшкөн акча каражатынан 2218 беренесинен үнөмдөлгөн 2000,0 сом акча каражатын Дара балдар бакчасына тактап айтканда 3111 беренесине которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |