Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 4
Чоң-Алай айылдык жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун кароо жөнүндө
2017-жылга карата ПРЖР-2 долбоору менен иштөөдөгү инвестициялык планынын долбоору боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 9-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-18-19-жылдарга карата түзүлгөн планы жана ПРЖР-2 долбоору менен иш алып баруу планы бекитилсин.
2. Жайыт комитети жайыттарга мониторинг жүргүзүү комиссиясы түзүлсүн.
3. Жеке ветеринарлар мал жандыктарынын абалы жана саны боюнча маалымат беришсин.
4. Жайыт мыйзамын сактабаган жайыт пайдалануучуларга «Жайыт пайдалануу жөнүндөгү» типтүү жобосунун, Кыргыз Республикасынын административдик жаза кодексинин негизинде каралсын.
5. Токтомдун аткарылышы Чоң-Алай жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |