Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июлу № 1
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Абдилакимов Рахимбаба Маматеминовичтин сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Абдилакимов Рахимбаба Маматеминовичтин МТСке комбайн сатып алуу жөнүндө долбоорун депутаттар карап талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 8-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 2-июнундагы 7-сессиясынын кезексиз отурумунун № 1 токтомуна ылайык айыл чарба техникаларын сатып алуу максатында Чоң-Алай айыл өкмѳтүнүн аппарат бөлүмүндө каралган 3150000 сом акча каражатын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Агрардык МТСке комбайн сатып алуу үчүн Агрардык МТСтин өздүк эсебине которулуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |