Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-августу № 22
Кызыл-Кыштак айылындагы “Бостон” балдар бакчасына эки тайпа менен ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин ылайык, Кызыл-Кыштак айылынын айыл башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылындагы “Бостон” балдар бакчасына эки тайпа менен ачууга уруксат берүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылындагы “Бостон” балдар бакчасына эки тайпа менен ачууга уруксат берилсин.
2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |