Редакцияот 19.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы

 

 

2017-жылдын 19-августу № 23

Ишкаван жана Керме-Тоо айылдарындагы спорт аянтчаларына тиешелүү жер аянттарын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин негизинде күн тартибиндеги: Айылдык кеңешке жер маселелер боюнча келген каттарды кароо жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, Кыргыз Республикасыны Жер Кодексинини 4-статьясынын 3-беренесине ылайык, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын 18.08.2017-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) “жер жана аргардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы отрумунун чечиминин негизинде Ишкаван айылындагы спорт аянтчасына тийешелүү болгон 0,46 га жер аянтына чектеш жайгашкан 0,06 жер аянты кошулуп 0,52 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Керме-Тоо айылындагы спорт залга тийешелүү болгон 207,0 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө (жер адистерине) жүктөлсүн

4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев