Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-августу № 24
Кызыл-Кыштак айылдык аймагында жайгашкан жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин ылайык, Кыргыз Республикасыны Жер Кодексинини 4-статьясынын 3-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Айылдык кеңешке жер маселелер боюнча келген каттарды кароо жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын 18.08.2017-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкаван айылындагы жаңы калктуу конштарда жайгашкан 150,0 жана 200,0 чарчы метр жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Жаңы-Турмуш айылынын Х.Абдуллаев атындагы көчөсүнүн № 2-үйдүн жанындагы 96,0 чарчы метр, Жаштар көчөсүнүн № 1-үйдүн жанындагы 100,0 чарчы метр жер жана “Достук” өткөрүү пункутуна баруучу чоң жолдун боюндагы 24,0 чарчы метр жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Андижан айылындагы Курманжан датка көчөсүнүн № 529 - үйдүн жанындагы 50,0 чарчы метр, № 539-үйдүн жанындагы 25,0 чарчы метр жана № 513-үйдүн жанындагы 320,0 чарчы метр жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Кызыл-Байрак айылындагы № 1764-кантурунда жайгашкан 0,50 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
5. Мунципалдык менчике алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу К.Р Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жөктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш,муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |