Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл. 19-августу №25
Айылдык кеңешке финансы маселелер боюнча келген каттарды кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин ылайык, күн тартибиндеги: “Айылдык кеңешке финансы маселелер боюнча келген каттарды кароо жөнүндөгү” маселени карап чыгып, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн булактардан, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 19-августындагы отрумунун № 5-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Өзбек улуттук-маданий борбору тарабынан даярдалган “Кыргызстандын гүлдөп өсүшү үчүн” атуу китебин басып чыгарууга 15,0 миң сом ажыратылсын;
2. Кызыл-кыштак айылынын Доң көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Миркамилге операция жасатуу үчүн 18,0 миң сом ажыратылсын;
3. Кызыл-кыштак айыл аймагындагы Б.Осмонов атындагы көчөнүн Жаңы-Турмуш, Коммунист, Ишкаван айылдары менен кесилишкен жолдорго жана Андижан айылындагы Курманжан датка көчөсүнө жол чырак (светофор) орнотууга 2,0 млн. сом ажыратылсын;
4. Айылдык аймактагы 9 мектепке спорттук инвентарларды алып берүүгө жалпысы болуп 180,0 миң сом ажыратылсын;
5. ”Шамшат-Суу” ИСКАКБны тарабынан тартылган инвестициялык проектке айыл өкмөтүнүн салымы катары 508,0 миң сом ажыратылсын;
6. Жайлоодогу эпзотикалык абалды номалдаштыруу максатында, малдарга таралып кеткен “Яшур” илдетин жайына барып дарылоого 50,0 миң сом ажыратылсын.
7. К.Сабиров, М.Хошимов жана Беш-Капа көчөлөрүнүн асфальтоого каралган 1300,0 миң сом каражатты 2018-жылдын бюджетине киргизилсин.
8. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө (ФЭБ ге) жүктөлсүн
9. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |