Редакцияот 19.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 19-августу № 27

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууулардын союзунун мүчөлүк төлөмүн бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин ылайык, күн тартибиндеги: “Айылдык кеңешке финансы маселелер боюнча келген каттарды кароо жөнүндөгү” маселенин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун 26.04.2014-жылда бекитилген Уставында мүчөлөрү жылдык мүчөлүк төлөмү калктын санына карата ар бир жашоочуга 1,0 сомдон деп аныкталганы негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын калкынын санына жараша жыл сайын мүчөлүк төлөм акы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууулардын союзунун эсебине которулсун.

2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө (ФЭБ ге) жүктөлсүн.

3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев