КЫЗЫЛ КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын
2017-жылдын 19-августу № 28
Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесинин ылайык, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселенин боюнча, Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Сүрөттүү-Таш участкасындагы 650,0 га жана Керме-Тоо айылдарындагы 390,0 га жакынкы жайыт жерлер Мамлекеттик чегара аймагына өтүп, пайдаланбай калганды тууралу билдирүүсүнүн жана айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 19-августагы отрумунун № 6-протоколунун чечиминин негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизилип 120,0 (бир жүз жыйырма) миң сомго кыскартылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө (ФЭБ ге) жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |