Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 16.3
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016 жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүндөгү 2015-жылдын 12 айында 2015-жыл үчүн бекитилген салыктардын суммасынан ашыкча салык киреше болгондуктан Капчыгай айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына карап, 2016-жылдын бюджетине киргизилсин.
2. Киргизилген акча каражаттарын өз убагында максаттуу жумшалып которуу жагы жана токтомдо белгиленген тапшырмаларды аткаруу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Кадырбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Азимбаев |