Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 16.11
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын тургундарынын 6.06.2016-жылдагы жалпы чогулушундагы Терек-Суу айылынын Кыянын-Учу чегиндеги турак жайларды жер көчкүдөн коргоо максатында 4 гектар жерге көчөт отургузуу жана айланасын тосуу боюнча токтомун бекитип берүү жөнүндө Капчыгай айылдык Кеӊеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын тургундарынын 6.06.2016-жылдагы жалпы чогулушундагы Терек-Суу айылынын Кыянын-Учу чегиндеги турак жайларды жер көчкүдөн коргоо максатында 4 гектар жерге көчөт отургузуу жана айланасын тосуу боюнча токтому бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын Кыянын–Учу чегиндеги турак жайларды жер көчкүдөн коргоо максатында 4 гектар жер аянтын тосуу үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Капчыгай айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин агрардык,азык түлүк, жер жана жер ресрустары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Азимбаев |