Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 16.19
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча Юстиция башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча Юстиция башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык жана Ош облусу боюнча Юстиция башкармалыгынын мамлекеттик нотариалдык иш аракеттерди жүргүзүү боюнча керээз каттарды күбөлөндүрүү, ишеним каттарды күбөлөндүрүү, мурастык буюмдарды коргоого алуу, документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү,документтердеги коюлган кол тамгаларды аныктоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Ош шаардык жана Ош облусу боюнча Юстиция башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык округунун Кеңешинин Мыйзамдуулук,укук тартиби,мандат,кеңештердин иштери,депутаттык этика,коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Азимбаев |