Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 92
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана ал боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды тартуу, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилип жатышы боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Протоколдук тапшырмалардын жалпысынан аткарылып жаткандыгы, жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо боюнча, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, I,II,III топтогу майыптыгы бар тургундарга, жалгыз бой, улгайган тургундарга кам көрүү иштери өз деңгээлинде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин, мындан ары дагы улантылсын.
3. Бюджет боюнча:
Экономикалык анализдин негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып, салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпин жогорулатуу иштери колго алынсын;
4. Жыл башында бекитилген бюджеттик пландоону натыйжалуу аткаруу үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу зарылчылыгы белгиленсин:
- мэриядагы салык жыйноочу кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу менен аларга шарт түзүлүп берилсин;
- рейддик салык контролду күчөтүү, салык төлөөчүлөргө жазма билдирүүлөрдү, эскертүүлөрдү берүү, салык, салыктык эмес жыйымдарды төлөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлсүн;
- салык башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүлсүн, салыгы төлөнбөгөн объекттердин, мүлктүн, жердин ээлеринен салык боюнча карызын мажбурлап өндүрүү чараларын колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматына кайрылуулар жолдонсун;
5. Ушул токтомдун 2,3 пункттардын аткарылышы боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрүү ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |