Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 4.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин бекитүүдө Капчыгай айылдык Кеңеши жергиликтүү бюджеттин жана трасферттин жалпы суммасын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 4407,8 мин сомго,жергиликтүү кирешеден 952,3 мин сом:
1.1 аппарат кызматкерлерине 2656000
1.2 китепканаларга 659500
1.3 маданият үйлөрүнө 901800
1.4 билим берүүгө 955900
1.5 баштооч мектепке 83500
1.6 балдар бакчага 53400
1.7 экономикалык маселелер 130000
1.8 социалдык маселелерге 80000
Жалпы 5360.1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Эмгек акынын бир айлык өлчөмү бекитилген штаттык расписаниенин негизинде аппарат кызматкерлерине 130.0мин сом,миаданият үйүнө 53,5мин сом,китепканага 42,0 мин сом өлчөмү бекитилсин.
3. Айылдык Кеңештин төрагасына Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык компенсация төлөмү бекитилсин.
4. Коммуналдык тейлөө боюнча бекитилген сметанын суммасынын ичинен 348,0 мин сом электр энергиясын жагууда үнөмдөлүп колдонуу жагы тиешелүү мекеме-уюмдун жетекчилерине эскертүү менен бекитилсин.
5. Кышкы жылытуу боюнча тиешелүү мекемелерге 150.0 мин сом акча каражаты көмүр үчүн бөлүнүп берилсин.
6. «Мөлтүр»балдар бакчасынын атайын каражаттарынын эсебинен түшүүчүакча каржаты 60.0 мин сом өлчөмүндө чыгыш-кириши бекитилсин.
7. 2016-жылга бекитилген бюджетке жыл ичинде өзгөртүү киргизүү жагын белгилөө менен бул токтомдун аткарылышы Капчыгай айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Турганбаев |