Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 4.3
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл аймагынын Караташ, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке-Суу айылында жашаган кожолуктардан мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары жөнүндө
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл аймагынын Караташ, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке- Суу айылында жашаган кожолуктардан мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктарын карап чыгып Капчыгай айылды Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган кожолуктардын мусор төлөмү 50 (элуу ) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары Салык кодексинин 337-беренесине ылайык белгиленсин.
3. Түтүн пулду чогултуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис Т. Аматовго милдеттендирилсин.
4. Чогултулган түтүн пулду Караташ,Сары-Бээ,Ничке-Суу,Терек-Суу айылдарындагы ташталган таштандыларды тазалоого жумшалсын.
5. Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөл жүргүзүү ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Турганбаев |