Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы №4.4
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2017- жылга түзүлгөн милдеттери жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жылга жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жылга жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2017-жылга Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 121 440 (бир жүз жыйырма бир мин төрт жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына салык өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бодо малга–40 сом
Жандык малга-10 сом менен,
ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодо малга-80 сом
жандык малга-20 сом .
4. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовго жүктөлсүн.
5. Жайыт комитетине төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
-жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Турганбаев |