Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы №4.5
Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы жайлоого көчүп конуу жагын тартипке келтирүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы жайлоого көчүп конуу жагын тартипке келтирүү максатында Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдагы аба-ырайынын татаал болгондугуна байланыштуу жайлоого көчүп кетүүнүн акыркы күнү 2017-жылдын 15-майына белгиленсин.
2. Күздүн күнү жайлоодон көчүп түшүп келүү жагы 2017-жылдын 1-сентябрына бекитилсин.
3. Ушул токтомдо айтылган көчүп конуудагы шартты бузган жарандарга айыл өкмөт тарабынан милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө ( А.Исаковго) билдирүү берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Турганбаев |