Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 19
Чангет-Калта, Өстүрүү-Ачы жолдорун калыбына келтирүүгө, спорт залга машыгуу үчүн килем (матка) акча каражат бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги жер көчкү, селден жараксыз абалга келген Чангет–Калта, Өстүрүү-Ачы жолдорун кайрадан калыбына келтирүү, спортук килемге (матка) акча каражат бөлүү маселесин карап Чангет айылдык кеңешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер көчкү,селдин натыйжасында бузулган Чангет-Калта жолун кайрадан калыбына келтирүү, техника жүрүүгө ынгайлаштыруу үчүн 35 (отуз беш) миӊ сом Өстүрүү–Ачы жолуна 65 (алтымыш беш) миӊ сом бөлүнүп берилсин.
2. Чангет айылындагы жаштардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен акча каражат топтоп машыгууга алып жаткан килем (мат) үчүн 20000 сом айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин финансы экономика,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |