Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлундагы № 93
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 01.03.2016-жылдагы кезектеги XIV сессиясында кабыл алынган № 67 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 01.03.2016-жылдагы № 67 токтомуна өзгөртүү, толуктоо боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Тендерлерди өткөрүүнүн жыйынтыгында 856,0 миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин жана бул акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалып жумшалсын:
· Мэриянын кеңсесин оңдоп-түзөөдө сметага кирбей калган кошумча иштерге - 31112390 статьясы- 237,2 миң сом;
· Таласбай кичи районунда ашар жолу менен курулуп жаткан кичи футбол аянчтасынын айланасын тосмолоо иштерине 31113290 статьясы - 190,0 миң сом;
· Райондук нотариустун кенсесинин ижара акысын төлөөгө көмөктөшүү үчүн 22131100 статьясы – 36,0 мин сом;
· Токтогул шаарынын тургуну Жаманкулова Гүлнарага материалдык жардам көрсөтүүгө 27213100 статьясы – 20,0 миң сом;
· Токтогул шаарында карагай көчөттөрүн суугаруу үчүн ГСМге 22141100 статьясы - 37,5 миң сом;
· № 03 ҮДТнын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине 22211100 статьясы- 17,6 миң сом;
· 0017 ДА нива кызматтык автоунааны оңдоп-түзөөгө 22141200 статьясы-12,0 миң сом;
· Мэриянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнө эмерек сатып алууга 31123290 статьясы- 58,0 миң сом;
· Мэрияга караштуу соц.объектилерде колдонулган электроэнергия үчүн төлөмүнө 22311200 статьясы үчүн- 201,7 миң сом;
· Токтогул шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кеңселерине кондиционер алып, орнотуу үчүн 31123290 статьясы -36,0 миң сом;
· А.Керимбаев атындагы Маданият үйүнүн айланасында Wi-Fi интернет байланышын камсыз кылууга 10,0 миң сом;
Жалпы: 856,0 миң сом
3. Токтогул шаардык кеңешине 31123230 статьясы боюнча каралган акча каражатынан 7,0 миң сом акча каражаты 22141200 статьясына жылдырылып, чыгымдалсын.
4. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен келип түшкөн 200,0 миң сом акча каражаты 22221100 статьясы боюнча демөөрчүлөр тарабынан оңдолуп жаткан спорт залдын ( Дадиев көчөсү) полун оңдоо үчүн керектелүүчү материал сатып алууга жумшалсын.
5. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясын сиясына жүктөлсүн..
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |