Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 20
Ар түрдүү маселелер кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерди карап Чангет айылдык кеңешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФ нун жерлерин үлүштүк жер катары пайдаланып жаткан Ийри-Суу айылынын тургуну Бакасов.Н, Көк-Арт а/ө тургуну Исаев Жоро ж.б.атуулдардын жерлерин мыйзам чегинде тактоо жана көзөмөлдөө айылдык кенештин жер комиссиясына, айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
2. КБФ нун жерлерин ижарага алып келишимди бузуп ижара акысын төлөбөгөн, мөөнөтү бүткөн жарандардын келишими 2017-жылдан баштап узартылбасын жана түзүлбөсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин финансы экономика, бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Эшиев |