Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 31
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык кеӊешинин (төртүнчү шайланган) кезектүү отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын март, апрель айларында жааган жаандын натыйжасында Чангет, Өстүрүү айылдарындагы айыл чарба багытындагы жерлери (кайрак, чөп ормо КБФ ) жалпы 80.77 га жер аянты пайдаланууга жараксыз абалга келгендиктен айыл өкмөттүн экспликациясынан чыгарылсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап токтомду аткарууга алуу жагы Чангет айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан жалпы 80,77 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн экспликациясынан чыгарып берүү жагы суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |