Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29\2
Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылынын Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак уй” имаратын жана жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Ош облустук прокуратурасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлкко муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 01.03.2016-жыл № 11-168-16 катын эске алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылынын Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак уй” имараты жана жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Ош облустук прокуратурасынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан мурунку райондук прокуратура кызматкерлеринин “кызматтык турак уй” имаратын жана жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Ош облустук прокуратурасынын балансасына өткөрүп берүүгө укуктук ченемдик актыларын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Кадыровго тапшырылсын.
Төрага | Т. Абдыкадыров |