Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №29\3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык - маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 24.04.2017-жыл № 5 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин 1-кварталга карата киреше бөлүгү 5.525.341 (беш милион беш жуз жыйырма беш миң үч жүз кырк бир) сомго, чыгаша бөлүгү 3.424.267 (үч миллион төрт жүз жыйырма төрт миң эки жүз алтымыш жети) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Т.Абакиров атындагы борбордук стадиондун ремонтуна 2016-жылдан калган 179800 сом калдык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сатып алуулардан экономдолгон акча каражаттарды 701-бөлүмдүн 2221- статьясына жылдырылсын.
4. АРИС долбоорунун алкагында 1-Май, Биймырза айылдарына койлордун жүнүн кыркуу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 80 миӊ сом акча каражаты инвестициядан бөлүнүп берилсин.
Төрага | Т. Абдыкадыров |